Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.11.2014 09:32

Жети-Өгүз районунун Тамга айыл аймагында жер титирөөдөн кийин 38 турак үй текшерилди, - ӨКМ

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айыл аймагында жер титирөөдөн кийин 38 арыз түшкөн, - деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 38 турак үй текшерилди, анын ичинен 5 турак үй I даражада, 2 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунда 14-ноябрда саат 07:24 эпицентрде 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Каджы-Сай айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышты, Тон айылынан 60 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Каджы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×