Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.12.2014 17:00

Жети-Өгүз районунун Ырдык айылындагы жаңы мектепке жаңы жабдыктар тапшырылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында ноябрь айында ачылган жаңы мектепке ар кандай жаңы жабдыктар белекке тапшырылды.

Мектептин ачылыш салтанатында президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 6 компьютер тапшырылган.

Ал эми «Кыргызстандагы дунган ассоциациясы» коомдук бирикмесинин төрагасы Бахадыр Сулайманов мектеп жетекчилигине дагы бир компьютер, ал эми депутат Эркингүл Иманкожоева үн күчөткүч жана радиомикрофон тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×