Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.12.2014 15:30

Жети-Өгүз районундагы Достук ыр фестивалына орус, кыргыз, татар улутундагы жаштар катышты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылында Достук ыр фестивалы өттү. Бул тууралуу Тамга айыл аймагынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматта айтылгандай, Тамга айылындагы мектепте өткөрүлгөн Достук ыр майрамы айылда жашаган көп улуттуу айылдагы мектеп жетекчилиги тарабынан уюштурулду.

«Ырыс алды - ынтымак» деген ураан алдында өткөн ыр фестивалына айылдагы орус, кыргыз, татар улутундагы жаштар катышты. Мектеп окуучулары ар кандай достук, ынтымак темасындагы ырларды аткарышып, сахналаштырылган оюн коюшту.

Мындан тышкары, улуттук даамдардын көргөзмөсү болду. Фестивалда кыргыз элинин меймандостугу, аймакта жашаган ар улуттун калкынын ынтымагы даӊазаланды. Уюштуруучулардын айтымында, Достук ыр фестивалы райондун бардык мектептеринде жана бала бакчаларында улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×