Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.12.2014 09:22

Жети-Өгүз курортунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча кечээ, 7-декабрда саат 04:57де очогунда күчү 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

КР УИАнын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Терскей Ала-Тоо тоо кыркаларында болуп, ал Жети-Өгүз курортунан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 45 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Координаттары φ = 42 ° 10 ' с.ш. λ = 78 ° 34' в.д. Жер титирөөнүн күчү Жети-Өгүз курортунда 3,5 баллга, Каракол шаарында 3 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×