Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.12.2014 09:34

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жайгашкан «Ак-Жалга» сүт иштетүүчү ишканасынын бир жылдагы соода көлөмү 280 млн сомду түзөт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жайгашкан «Ак-Жалга» сүт иштетүүчү ишканасынын бир жылдагы соода көлөмү 280 млн сомду түзөт. Ишкананын жетекчилигинин айтымында, заводдун ичинде 120 адам жумуш орду менен камсыздалган, ошондой эле сүт жеткирүүчүлөр менен кызматкерлердин жалпы саны 300гө жетет.

Аталган ишкана менен премьер-министр Жоомарт Оторбаев 6-декабрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында таанышып чыкты.

Ишкана 1994-жылы мурунку сыр заводдун базасында түзүлгөн. Сүт сатып алып кайра иштетүү тармагында иш алып барган ишкана сыр, айран, быштак, каймак, айран сыяктуу экологиялык таза продукцияларды чыгарат.

Ишкананын жетекчиси Гүлүйпа Жүзүмалиеванын айтымында, заводдун кубаттуулугу 100 тоннага чейин жетет, андан өндүрүлүп чыгарылган сүт азыктары Бишкек шаарына, Ысык-Көл облусундагы пансионаттарга жана Алматага чыгарылат.

.

SAG_3573 

SAG_3584

Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн чоң рынок ачуу зарылдыгын белгилеген Ж.Оторбаев буга окшогон ишканаларга Орусиянын чоң рыногуна чыгуусу үчүн шарттарды түзүү аракеттери көрүлүп, Кыргызстан ошол жол менен бара жаткандыгын белгиледи.

«5 айдын ичинде Орусия, Белоруссия, Арменияга жана башка мамлекеттерге чейин продукцияны эркин чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. Фитосанитардык лабораторияларды түзөбүз, кыска мөөнөттө, буюрса майга чейин рыногубуз 5 млн адамга эмес, 170 млн адамга чейин ачылат. Инвестиция да көбөйөт», - деди Ж.Оторбаев.

Өлкөнүн алыс аймагында жумушчу орун түзүү менен ишкананы иштетип жаткан жетекчиге ыраазычылык билдирген өкмөт башчы, ички миграция маселесинде мындай ишканалардын ордун белгилөө менен түшкөн салык мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысына жумшала тургандыгын кошумчалады.

«2 жыл мурун кайра иштеп чыгаруу тармагындагы киреше салыгын жок кылдык. Ошондуктан бул ишкана сакталган каражатка Франция, Испаниядан жабдууларды сатып алып, жогорку деңгээлдеги продукция чыгарып жатат. Бул саясатты улантабыз. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетип чыккан ишканалардан эч кандай салыктарды албайбыз. Бул менин жеке позициям», - деди Ж.Оторбаев.

Г.Жүзүмалиева премьер-министр менен болгон жолугушуу учурунда эң негизги эки маселени атады.

«Белоруссия, Орусия, Казакстандан адистер келип, биздин заводдун продукциясын жактырып, уруксат берип кеткен. Бирок, түштүк Казакстан Алматага гана, себеби малдарды идентификациялоо маселеси чечилбей жатат. Эгерде, Бажы биримдиги ачылып, ушул маселелер чечилсе жакшы болот эле. Андан тышкары, көпчүлүк фирмалар сүттү сатып алып, бир аз эле салык төлөө менен Казакстанга сүт боюнча сатып жатышат. Эгерде, сүт боюнча сатканга салыгын көбөйтүп койсо, алар да сүттү кайра иштетип, кошумча жумушчу орундарын түзөт эле. Бул да чоң маселе болуп жатат», - деди Г.Жүзүмалиева.

Учурда Казакстандын базарлары Орусиянын тыюу салуусунан кийин Украина менен Белоруссиянын сүт азыктары менен толтурулуп калды, деп кошумчалады.

Ишкана сүттүн 1 литрин райондун айылдарынан 18-20 сомдон сатып алат. Ал эми кызматкерлердин 1 айлык эмгек акысы орточо 17-18 миң сомго жетет. Ишкана өндүргөн продукциясынын көлөмүн эки эсе өстүрүп, жумушчу орундардын санын да көйбөйтүүнү пландап жатат.

Ишкана бир суткада 50 тонна сүт иштетет. Ушул жылдын 10 айына карата 235 268,4 сомго продукция өндүрүп, өсүш 2013-жылдын 10 айына карата 147,5% камсыздалды.

SAG_3602 

SAG_3610 

SAG_3649 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×