Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.12.2014 14:51

Фоторепортаж - Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, Жети-Өгүздөгү сүт азыктарын чыгаруучу завод 170 млн кардарга ээ болот, - заводдун жетекчилиги

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жайгашкан заводдо 20 жылдан ашуун убакыттан бери сүт кайра иштетилип, ар кандай сорттогу, сыр, айран, пастерленген сүт, каймак, быштак жана колбаса сыры даярдалат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, өндүрүлгөн продукция Кыргызстан боюнча бир катар фирмалык дүкөндөргө сатылат. Ошондой эле, Казакстанга, негизинен Алма-Ата шаарына экспортко чыгарылат.

«Ак жалга» ЖАКтын жетекчилигинин айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен аталган биримдикке кирген башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Башкача айтканда кошумча дагы 170 млн сатып алуучу пайда болот.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө айына 18 тоннадан сыр алып кетүүчү Алма-Аталык колдонуучулар эң ири сатып алуучулар болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×