Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.12.2014 16:23

Жети-Өгүздүк 14 жашар Н.Калык уулу Ысык-Көл облусунун мыкты манасчысы деп табылды

Turmush -  Жети-Өгүз районун Жон- Булак айылынын тургуну 2000-жылы туулган Нурдөөлөт Калык уулу Ысык-Көл облусунун мыкты манасчысы деп табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Н.Калык уулу учурда А.Курманбеков атындагы орто мектепке 9-класста окуйт.

Ага сыйлык Жаштар форумунда тапшырылып, «Жыл мыктысы- 2014» лентасы, «Манас» китеби, диплом жана кыргыз чеберлери жасаган дубал сааты тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×