Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.12.2014 16:55

Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында спирт ичимдиктерин ичкендиги үчүн 4 мектеп окуучусу кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында спирт ичимдиктерин ичкендиги үчүн 4 мектеп окуучусу кармалды. Бул тууралуу Жети-Өгүз РИИБден билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, окуучулар ушул жылдын 13-14-декабрында жүргүзүлгөн оперативдүү-издөө иш чараларын жүргүзүү учурунда кармалышкан.

Мектеп окуучулары түнкү убакта спирт ичимдиктерин ичип жүрүшкөн. Бул боюнча милиция кызматкерлери жашы жете элек балдардын ата-энелерине билдиришип, алар менен маектешүү жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×