Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.12.2014 17:01

Жети-Өгүздүн 26 жашар тургуну Караколдун мал базарынан уурдалган жылкыны саткан, - Жети-Өгүз РИИБдин жетекчиси Т.Түкөбаев

Turmush -  Жети-Өгүз районунун 26 жашар тургуну кечээ, 14-декабрда Каракол шаарындагы мал базардан уурдалган жылкыны саткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жети-Өгүз РИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Тилек Түкөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, жылкынын ээси, Балтабай айылынын 1972-жылкы тургуну М.Б., мидиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.

Маалым болгондой, жылкы кечээ, 14-декабрга караган түнү уурдалып, Каракол шаарынын мал базарына жеткирилген.
Ысык-Көл ОИИБнын Кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкреелри тарабынан аталган уурулук фактысына катыштыгы бар адамдар аныкталды.

Белгилей кетсек, Жети-Өгүз районунун 26 жашар тургуну жылкыны түн ичинде уурдап келип, Каракол шаарынын мал базарынан сатып жиберген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×