Turmush — Кадамжай районунун Айдаркен шаарына караган Жетим-Дөбө дегенайыл бар. Бул айылдын аталышы тууралуу жергиликтүү тургундар кызыктуу уламыштарды айтып келишет.
Алардын айтымында, илгери бул аймакта атагы Афганистан, Кытай жана Индияга чейин жеткен өтө бай адам жашаган экен. Ал байлыктарынын көбүн жакынкы тоодогу үңкүргө жашырып, душмандардан сактап жүрчү экен. Ошол айылда ата-энесинен айрылган жетим кыз жашачу. Бай аны өзүнө жар кылып алып, жибектен кийим кийгизип, күн сайын жаш козунун этинен тамак жасап берип, сүйүп кадырлап алат. Кыз убакыттын өтүшү менен байдын эң жакын жардамчысы болуп, сырларын билген адамга айланат.
Бир күнү байдын айылына душмандар кол салат. Жетим кыз баскынчылардын жылуу сөзүнө ишенип, байдын негизги байлыгынын жашыруун ордун айтып коёт. Душмандар байлыкка жетишип, кубанып калышат. Бирок байга жакшылык кылбаган жетим кыз бизге жакшылык кылат беле кызды өлтүрүп салышат. Ошол эле жерге көмүшүп, үстүн чоң дөбө кылып Жетим-Дөбө деп атап коюшат. Ошондон кийин ошол дөбөнүн аты менен айыл Жетим-Дөбө деп аталган дешет.
Айылдын аталышы тууралуу дагы бир пикир бар. Айдаркен шаары негизинен тегиздикте жайгашып, шаардын ортосундагы жалгыз дөбө бар. Ал дөбө жалгыз болгондуктан Жетим-Дөбө деп коюшкан болушу мүмкүн дешет.