Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 21-март — Нооруз майрамына карата даярдыктар көрүлүп жатат.
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында, Нооруз майрамына карата Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында айыл аймактар жана мекеме-ишканалар арасында кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалаган улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана боз үй жасалгасы боюнча сынактар жана спорттук мелдештер уюштурулат. Тактап айтканда, сүмөлөк бышыруу, боз үй тигүү, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча сынактар өткөрүлөрүп, концерттик программа менен коштолот.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.