Turmush — Бүгүн, 18-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эрежелери жазылган атайын китепчелер таратылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Ош ШИИБдин башчысы Дамирбек Исаков, Ош шаарынын казысы Самидин Атабаев, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулар жана окуучулар, студенттер катышты.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн уюштуруу-инспектордук бөлүмчөсүнүн башчысы Бакай Жусупмаматовдун айтымында, аталган иш-чара республикалык деңгээлде өтүп жатат.
«Иш-чара ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкы башкармалыгы тарабынан республикалык деңгээлде уюштурулууда. Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча 2 миң 500 даана китепче даярдалып, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө таратылууда. Иш-чара жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча уюштурулууда», - деди ал.