Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя бүгүн, 18-мартта саат 9:00 чамаларында болгон. Кырсыкка кабылган унаалардын бири оодарылып кеткен. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык боюнча тактоо жүргүзүүдө.