Turmush — Ош технологиялык университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Улан Абдуллаев жетектеген чоң курамдагы делегациясы учурда Европада жайгашкан Словения Республикасындагы Марибор университетинин базасында өтүп жаткан DigiTech эл аралык долбоорунун иш-чараларына катышууда.
Иш программасынын алкагында катышуучулар долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы, башкаруу жана сапатты камсыздоо маселелери, академиялык мобилдүүлүк, ошондой эле муктаждыктарды алдын ала талдоонун жыйынтыктары боюнча пикир алмашууда. Өзгөчө көңүл санариптик технологияларга багытталган билим берүү программаларын иштеп чыгуудагы тажрыйбаларды жана мыкты практикаларды бөлүшүүгө бурулууда.
Практикалык бөлүктө катышуучулар окуу процессинде колдонулган заманбап санариптик чечимдер, анын ичинде окууну башкаруу системалары жана онлайн-сабактарды уюштуруу ыкмалары менен таанышууда. Ошондой эле билим берүү ишмердүүлүгүнө инновациялык инструменттерди киргизүүгө багытталган демонстрациялык сессияларга катышышууда.
ОшТУнун аталган иш-чараларга катышуусу эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө, билим берүү сапатын жогорулатууга жана окутуучулар менен студенттердин санариптик компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.