Turmush — Бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы белгиленип жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, майрамдык иш-чарага инвесторлор, элчилер, чет элдик коноктор, Нарын облусунун бардык райондорунан жалпы 1000 адамга чакыруу барагы берилген. Иш-чарага келген коноктор, ошондой эле Нарын шаарынын тургундары катышууда.
Президент Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.