Turmush — 19-мартта Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинде чыгармачылык кече уюштурулду. Бул тууралуу мектептин комузчу мугалими Райла Изамбаева билдирди.
Маалыматка караганда, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин 3-курсунун студенти Токтосун Садиев жаш музыканттар менен жолугушту. Ал өзүнүн аккордеондогу, комуздагы, ооз комуздагы, сыбызгыдагы чопо чоордогу чеберчилигин көрсөтүп берди. Токтосун Садиев анын колунда 3-классынан тарта билим алган. Өзү окуган музыкалык мектепке практикага келген.