Turmush — Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 1,5 гектар жер тосмолонуп, муниципалдык бакка айланып, 1200дөн ашуун көчөт тигилди. Бул тууралуу калаа башчысы Азамат Нарматов билдирди.
Маалыматка караганда, бакты «Шаартазасуу» мекемеси карайт.
«1000 даана алма, 300 даана кокон гилас олтургузуп жатабыз. Алманы кургатып, экологиялык жактан таза компот жасалат. Алманын компоту баланын сөөгүнүн катуусуна жана мээнин өрчүшүнө эн жакшы таасир берет экен. Биз балдарга тийгизген таасиринен улам тандап алдык. Бул бак 4 бала бакчага бөлүп берилет. Буйруса бүгүнкү тигилген көчөттөр 3 жылда түшүмгө кирет. Кийинки жылы дагы башка жактан жер карап бак кылып, башка мектеп, бала бакчаларга беребиз», - деди ал.
Быйыл Ноокен районунда 100 миңден ашуун көчөт тигилет.