Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Онбир-Жылга айылынын 40 жаштагы тургуну Саламат Мукашев менен Гүлдана Асан кызы. Turmush басылмасынын кабарчысы жубайлардын бири Саламат Мукашев менен маектешти.
Анын айтымында, жубайы менен бирге айылда аш-тойлордо, ар кандай майрамдык иш-чараларда буйрутмага тамак-аш жасап, ашпозчулук кесибин аркалап келишет. Нооруз майрамына карата Чүй районунун Бурана айылында өткөн иш-чарага дагы буйрутма менен бир казан палоо даярдап беришти.
«Ашпозчулукка бала кезден кызыгам. 7-классымда нан жапканды үйрөнгөм. Мен 3 бир тууганмын. Эжем, мен жана иним бар. Эжем мектепти бүтүп кеткен соӊ үйдө улуусу болуп мен калдым. Ошол кезде 6-7-класс кезим болчу. Ал кезде ата-энелер той-ашка кетсе, 3-4 күндөп араӊ келишчү. Жол алыс, телефон жок. Ошол убакта мен колуман келген тамак-аштарды жасап, иним экөөбүз жаныбызды бага берчүбүз. Ошондо эле ашпозчулук өнөргө кызыгуум арта баштаган.
Анан кийин Россиядан япон-кытай ашканасы боюнча билим алып келип, кийин Кыргызстандагы №24 кесиптик лицейден билим алып бүткөм. Кесибим боюнча ашпозчумун. 20 жылдан бери ар кандай кафе-ресторан, эс алуучу жайларда иштедим. Азыр келинчегим экөөбүз айылда элдин той-ашында, майрамдык иш-чараларга буйрутма алып, дасторкон даярдап, тамак-ашын бышырып беребиз. Ушуну менен жан багып, балдарды окутуп, өстүрүп, келе жатабыз», - деди ал.
Каарманыбыз жубайы менен 2011-жылы «Гавайи» эс алуу жайында ашпозчулук өнөрдүн арты менен таанышып калышкан.
«Ал ашпозчулук кесипти жаңы аркалап жаткан кези болчу. Экөөбүз кесиптеш болуп иштеп жүрүп, жылдызыбыз келишип калды. Ошентип келинчегим Гүлдана менен 2012-жылы 7-май күнү баш кошконбуз. Андан бери чогу түтүн булатып, ынтымактуу үй-бүлөнү түптөп, 3 кыз, 1 уулду болдук. Балдарыбыз дагы бош болуп калса биздин жумушубузга жардам берип турушат. Үй-бүлөлүк жумушубуз болуп калды. Өзүбүз дагы үйгө конок тосконду жакшы көрөбүз. Конок тосууда бизде көгөй жок. Дасторконду кооздоп жасаганды жакшы көрөбүз.
Буйрутма берген үй тойлорго барганда кишинин санына жараша тамак-ашты ченеп жасап берем. Ашса ашат, бирок жетпей калбайт. Кээде ар кандай жарым-жартылай азык-түлүк калып калса, өзүм ойлонуштура калып башкача салат, тамак-аш кошумча жасап, тойдун ээсин сүйүндүрүп коем», - деди каарманыбыз.