Turmush — «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта аталган музейде өткөн жыйында айтылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жыйынга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, аталган министрликтин өкүлдөрү, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС), Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, музей комплекстин кызматкерлери катышты.
Жыйында музейди реконструкциялоо иштеринин долбоору тааныштырылды. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) жана эскиздик долбоору Маданиятр министрлиги, ЮНЕСКО жана Дүйнөлүк банк менен макулдашылган. Бүгүнкү күндө жумушчу долбоорду даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал эки этабга бөлүнөт. Биринчиси — техникалык-экономикалык негиздемеси жана инфраструктуранын долбоордук-сметалык дрокументин даярдоо. Экинчиси — музейдин экспозициясын, интерьердин деталдык дизайнын иштеп чыгуу.
Долбоор 12 бөлүктөн туруп, 3 этапка бөлүнөт. Биринчи этапка гольфкарлардын жолун куруу, Бурхия мавзолейин, Суу дарбазасын оңдоо, акыркы коло дооруна таандык эстеликтерди, Үңкүр музейинин жолун оңдоо кирет. Биринчи этаб боюнча 2026-жылдын 30-апрелинде курулуш иштерин баштоо үчүн тендер жарыяланат.
Экинчи этапта тоо дарбазасын, от дарбазасын, тоо жолун оңдоо, административдик имаратты, этнографиялык музейди оңдоо кирет. Экинчи этап боюнча курулуш иштери баштоо үчүн 1-июнда тендер жарыяланат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Сулайман-Тоону реконструкциялоон 3 этабга бөлбөй, баарын бир учурда жасоону сунуштады.
«Азыр оңдоо иштери башталганда тоону жабабыз да, туурабы? Биринчи этаб, экинчи этаб, үчүнчү этаб дебей эле, тоону белгилүү бир убакытка бир жаап туруп, бир бүтүрсө болбойбу?», - деди ал.
ЮНЕСКОнун өкүлү музей-комплекстин администрациясы реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө баарын бир жаппай, курулуш болуп жаткан гана аймакты жаап турса болору боюнча сунушун бергенин билдирди.
«Бүт баарын таптакыр жаап салсак, эч ким кире албай калат», - деди ал.
Министр өз кезегинде коопсуздук маселеси бар экенин, тоону белгилүү убакытка жаап туруп, курулуш иштерин жалпы бир бүтүрүп салса болорун белгиледи.
Өз учурунда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев туристтерди гольфго колдонула турган унаалар менен белгилүү бер чекиттен экинчи чекитке чейин алып бара турган кылбай, Сулайман-Тоону толук айлана турган жол курууну сунаштады.
«Бул маселе талкууланып жатканына 7 жыл болуптур. 7 жылдан бери Сулайман-Тоону реконструкциялоо иштери жүрбөй келет. Андан бери килейген-килейген имараттар курулуп калды. Азыр бир чечкиндүү кадамга барбасак, дагы ошончо жүрө беребиз. Ошону үчүн баарыбыз чогуу биргеликте аракет кылабыз дегенибиз жакшы. Туристтер Ленин чокусуна барат, анан Сулайман-Тоодон башка алып бара турган жерибиз жок. 16 млн доллардан ашык акча бөлүнүп жаткан болсо, абдан көп акча экен.
Сиздердин долбоор боюнча туристтерди ташый турган электро унаалардын жолу кыска аралыкка эле болуп жатат. Биздин сунушубуз — ушул жолду токтотпой эле тоону толук айлана турган кылып куруп койсок жакшы. Биз акча каражатын табабыз, үйү бар жарандар менен сүйлөшөбүз. Андагы Чек ара кызматынын имаратынын үстү менен өтө турган кылып жол куралы. Туристтер ошол жол менен тоону бир айланып чыкса, жолдо токтоп, дагы бир нерселерди көрө турган жерлер болсо жакшы», - деди Акаев.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри сунушту толук колдорун, ошол эле кезде жабык маалыматтар бар экенин айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн жыйындан чыгып турууну суранды.