Turmush — Бүгүн, 18-мартта «Төлөйкөн» ат майданында 21-март — Нооруз майрамына карата улуттук спорттук иш-чаралар расмий түрдө башталды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ачылыш аземине облус жетекчилигинин, Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилер катышты. Алар жыйынга келгендерди Нооруз майрамы менен куттуктап, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалашты.
Иш-чаранын алкагында улуттук спорттун көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун түрлөрү боюнча республикалык мелдештер өткөрүлүүдө. Мелдеш көк бөрү оюну менен башталып, ага 10дон ашуун команда катышууда.
Оюндардын финалдык баскычы 21-март күнү өтөт.