Turmush —
Кечээ, 19- мартта Москва районуна караштуу Беловодск айылында Чүй электр тармактар ишканасы сармерден уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, анда боз үйлөр тигилип, Умай эне алас айтып, атчандардын катышуусунда парад өтүлдү. Андан соң Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн райондорунан жана Чүй электр тармактар ишканасынын бөлүмдөрү жана кызматтарынан түзүлгөн «Байчечекей» командасы менен Сокулук, Москва, Жайыл, Кара-Балта жана Панфилов райондук электр тармагынан түзүлгөн «Жоогазын» командалары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Анда эки команда кыз узатуу, үйлөнүү той көрүнүштөрүн сахналаштырып, акыйнек, жаңылмач, макал- лакап, чечендик өнөр жана «Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча ат салышты. Иш-чара марзалар жана айымдар арасында аркан тартуу, кол күрөш жана топ таш оюндары менен коштолду.
Жыйынтыгында, калыстар тобунун чечими менен «Байчечекей» командасы 1- орунду багындырып, 50 миң сомго ээ болду. Ал эми 2-орунду ээлеген «Жоогазын» командасына 30 миң сом сыйлык берилди. Мындан сырткары спорттук оюндар боюнча сыйлыктар тапшырылып, жеңүүчүлөр ардак громата жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Чүй электр тармактар ишканасынын мамлекеттик тил боюнча адиси Назгүл Разаеванын айтымында, Чүй электр тармактар ишканасы райондордо мындай салтка айланган иш-чараны жыл сайын өткөрүп келет.