Turmush — Кечээ, 22-мартта кечинде Ош шаарындагы «Бунед» ашканасынын морусунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ашкана Раимбеков көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн 1-кабатында жайгашкан. Өрттү өчүрүүгө саат 21:20да 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо 22:04тө толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түзгөн.