Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарында спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара кечээ, 23-мартта Б.Алыкулов атындагы драма театрында уюштурулду. Спортчуларды сыйлоо үчүн шаар казынасынан 4 млн сомдон ашуу каражат бөлүнүп берилген.
«Иш чара 6-апрель — Бүткүл дүйнөлүк спортчулар күнүн утурлай уюштурулду. Анда өткөн 2025-жылдын жыйынтыгы менен Манас шаарынын атынан мелдештерге катышкан спортчулар чакыртырылган. Жалпысынан спортчу жана алардын машыктыруучулары болуп 54 киши акчалай сыйлык жана шаардык мэриянын ардак громаталарына татыды. Спотчулар жараткан ийгиликтерине жараша 30 миң сомдон 450 миң сомго чейин акчалай сыйлык алды», - деди Манас шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Талас Нуралиев.
Манас шаарында 5 олимпиадалык резердик мектеп бар. Мында спорттун олимпиадалык 7 түрү, тактап айтканда бокс, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика, грек-рим күрөшү, балдар, кыздар эркин күрөшү боюнча окуу-машыгуулар жүргүзүлөт. Мындан сырткары калаада 1 бокс академиясы жана 1 стадион бар. Аталган адистешкен мектептерде жалпы 3 миңден ашык окуучу окуп машыгат.
6-апрель дүйнө жүзүндө Спортчулардын күнү катары белгиленет. Бул күн расмий түрдө Бириккен улуттар уюму тарабынан 2013-жылы жарыяланган жана Өнүгүү жана тынчтык үчүн спорттун эл аралык күнү деп аталат. Кыргызстанда да бул күн спортчуларга урмат көрсөтүү, мелдештерди уюштуруу жана жаштарды спортко тартуу максатында белгиленет.